Акыркы коӊгуроо – 2019
25-майда №13 гимназия-мектебинде «Акыркы коӊгуроо» кечеси өткөрүлдү. «Акыркы коӊгууроо» аземине Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев, мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышышты. 2019-жылы №13 гимназия-мектебинин каттоосу боюнча 163 окуучу, анын ичинен төртөө «Алтын тамга» аттестаты менен бүтүрүп жатышат. Мектептин акт залында салтанаттуу иш чара өзгөчө өтүп ыр, бий менен коштолду. Ата-энелер жакшы кааалоо-тилектерди айтып өз салымын кошумчалашты. Бүтүрүүчүлөр иш чараны «флешмобдун» композициясы менен аякташты.
Комментарии