Мероприятие в честь 95-летия Ч.Айтматова и эпоса Манас.
2023-жылдын 4-декабрында Ленин районуна караштуу № 13 мектеп-гимназиясында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Манас жана Чыңгыз” аталышында иш- чара болуп өттү.
Иш чарага Ч. Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын “Эл артисти” Дарика Жалгасынова, актерлор Насридин Дубанов, Нургазы Сыдыгалиев жана жаш манасчы Садыров Талгат келип катышты. Ошондой эле Бишкек шаардык Билим берүү департаменинин адистери, Ленин районунун директору Т. Э. Темирканова чакырылган.
Иш-чараны № 13 МГнын мамлкеттик тил боюнча директордун орун басары Р.К. Буйлякеева ачып, Манастын “40 чоролору” (11-класстын окуучулары) конокторду тосуп алышты.
“Ч. Айтматовдун чыгармалары балдардын көздөрү менен” сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулуп, окуучулардын жардамы менен уюштурулган видео-роликтер көрсөтүлдү. “Каармандар сүйлөшөт” деген темада окуучулар “Жамиля”, Бетме-бет”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме” чыгармаларынан сахналаштырылган сценкаларды жогорку деңгээлде аткарышты.
Р. Айтматова Ч. Айтматовдун бала чагынан эскерүүлөрүнөн айтып берди. Чакырылган коноктор да өз каалоо-тилектери менен бөлүштү.
Мероприятие в честь 95-летия Ч.Айтматова и эпоса Манас.
В школе-гимназии №13 4 декабря 2023 года провели мероприятие в честь 95-летия Ч. Айтматова и эпоса Манас. Были приглашены Роза Айтматова, Дарика Жалгасынова –народная артистка КР, актеры из кинофильма “Белый пароход” Нургазы Сыдыгалиев и Насреддин Дубанов, а также приглашены Директор Центра Образования Ленинского района Темирканова Т.Э. и специалисты из Департамента образования Бактыгулова Ч.А., Бакирова П.Д.
Открыла мероприятие зам. директора по гос. языку Буйлякеева Р.К. и “40 чоро”.
В мероприятии принимали участие учащиеся и учителя шг №13. Мероприятие прошло на 3-х языках: кыргызском, русском и английском. Учащиеся подготовили видеопрос, видеоролики, сценки по произведениям Ч. Айтматова. Гостям была представлена выставка рисунков “Манас и Чынгыз”. Роза Айтматова поделилась воспоминаниями о Ч. Айтматове.
Комментарии